Кыргызстанда 11-декабрда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -1...-6,
Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1...+4,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2...+3,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2...+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7...-11° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -8....-10, күндүз -3…-5° болот.