Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Египеттеги жолугушууда Иерусалим боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын чечимин сынга алышты.
10-декабрда жарыяланган билдирүүдө Трамптын чечими "ишке ашырылгыс кадам" катары сыпатталып, араб мамлекеттеринин лидерлери бул боюнча чукул жыйынга чогулушу керектиги айтылат. Жыйынды Иорданияда өтүшү мүмкүндүгү белгиленген.
Каирдеги жыйындан соң кабыл алынган резолюцияда АКШнын планы эл аралык укуктук нормаларды "олуттуу бузуу" экени, жаман кесепеттерге алып келери жазылган.
Трамп 6-декабрда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, Американын элчилигин бул шаарга көчүрүү ишин баштоого буйрук берген. Бул билдирүү палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, Газа тилкесинде израил армиясы менен кагылышуулар уланууда. 9-декабрдагы жаңжалда эки палестиналык өлгөнү кабарланды.
Палестиндерге тилектештик билдирген демонстрациялар Жакынкы Чыгыш менен мусулмандар басымдуулук кылган башка мамлекеттерде да өттү.
Кыргызстан 8-декабрда АКШнын Иерусалим боюнча чечимине тынчсыздануу билдирген.
Иерусалимдин макамы – Израил-Палестина жаңжалынын эң талылуу маселеси.