Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Ливанда Трамптын саясатына каршылар менен полиция кагылышты


Бейруттагы нааразылык акциясына чыккандар
Бейруттагы нааразылык акциясына чыккандар

10-декабрда Ливан коопсуздук күчтөрү АКШ президентинин Иерусалим боюнча саясатына каршы чыккандар менен кагылышты.

Бейруттагы АКШ элчилигинин жанында жүздөгөн адамдар катышкан митинг жаңжалга айланып кетти. Полиция демонстранттарды жаш агызчу газ жана суу менен атып, артка сүрдү. Бир нече адам кармалды.

Бул күнү Иерусалимдин өзүндө тартип сакчысына кол салган палестиналык киши кармалганын Израиль полициясы маалымдады. Ал эми Индонезия борбору Жакартада миңдеген адамдар Кошмо Штаттарынын элчилигинин алдына чыгышты. Швеция полициясы Гетеборг шаарында синагоганы өрттөмөкчү болгон үч адамды кармаганын кабарлады.

Ошондой эле 10-декабрда Египетте жолуккан араб өлкөлөрүнүн Лигасынын тышкы иштер министрлери Трамптын чечимин эл аралык укуктун "олуттуу бузулушу" жана "жол берилгис" иш катары баалашты. Ошондой эле өз лидерлерин Иерусалим маселеси боюнча чукул саммит өткөрүүгө чакырышты.

Трамп 6-декабрда Иерусалимди Израилдин борбору катары таанып, АКШ элчилигин Тель-Авивден ушул шаарга көчүрө баштоого тапшырма берген. Бул чечимге мусулман өлкөлөрү, анын ичинде Палестина автономиясы да кескин нааразылык билдирген.

Палестиналыктар Иерусалимди болочок мамлекетинин борбору эсептешет. Израил болсо Чыгыш Иерусалимди аннексиялап, мусулмандардын, христиандардын, жөөттөрдүн да ыйык жайлары орун алган шаардын баарын өзүнүн борбору катары жарыялаган. Бирок анын бул кадамын эл аралык коомчулук тааныган эмес жана дүйнө өлкөлөрүнүн көбүнүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан.

XS
SM
MD
LG