2017-жылкы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы 10-декабрда Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кыймылга (ICAN) расмий тапшырылды.
Норвегия борбору Ослодо өткөн салтанатка кыймылдын аткаруучу директору Беатрис Фин жана мүчөсү, Хиросимадагы атом бомбасынан жабыр тарткан Сецуко Тэрлоу келишти.
Кыймыл өзөктүк куралдын эбегейсиз кыйраткыч потенциалы жана адамзат саламаттыгы менен айлана-чөйрө үчүн катастрофалык зыянына көңүл бурдурууну максат кылат. Ушул миссиясы жана "келишимдердин негизинде мындай куралга тыюу салууга жетишкен жаңычыл аракеттери үчүн" быйыл октябрда сыйлыкка арзыган.
Бул күнү Швеция борбору Стокгольмдо Нобелдин медицина, физика, химия, адабият жана экономика боюнча да сыйлыктары мурда аталган лауреаттарга тапшырылат.
Ар бир сыйлыкка 1,1 млн доллар берилет. Сыйлык тапшыруу аземин жыл сайын 10-декабрда швециялык өнөр жай ишмери Альфред Нобелдин өлгөн күнүндө өткөрүү адатка айланган.