Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Ходорковский: Орусиядагы шайлоо - жалган шайлоо


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

Орусиялык ишкер, Кремлдин сынчысы Михаил Ходорковский алдыдагы президенттик шайлоону "жалган шайлоо", "путиндик сүйлөшүп алуу" деп баалады. Бул тууралуу ал өзүнүн "Ачык Орусия" кыймылынын 10-декабрда Москвада өткөн конференциясындагы видео кайрылууда айтты.

Ал бийликке сын көз караштагы Алексей Навальный менен Ксения Собчак талапкер болуп катталган күндө да жогорудагы оюн өзгөртпөсүн кошумчалады.

Ходорковский буга чейин “жыйынтыгы мурдатан белгилүү аракетти шайлоо деп атоого болбойт” деген эле.

2018-жылдын мартындагы шайлоого катышарын президент Владимир Путин да жарыялаган. Алдын ала божомолдор боюнча ал кайра эле шайланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG