Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ирак "Ислам мамлекети" тобун жеңгенин майрамдады


9-декабрдагы жарыяны угуп кубанган ирактык аскерлер
9-декабрдагы жарыяны угуп кубанган ирактык аскерлер

Ирактын куралдуу күчтөрү 10-декабрда борбор калаа Багдадда аскердик парад өткөрүп, өзүн "Ислам мамлекети" атаган топту жеңгенин майрамдады. Салтанатка премьер-министр Хайдар ал-Абади жана аскер жетекчилиги да катышты.

Хайдар ал-Абади 9-декабрда өлкөсү аталган топтон "толук бошотулганын", өкмөттүк күчтөр Ирак-Сирия чек арасындагы бардык аймактарды колуна алганын жарыялаган.

2014-жылы "Ислам мамлекети" тобу Ирактын үчтөн бир бөлүгүнө жакынын басып алган. Ошондон тарта АКШ баштаган коалициянын колдоосу менен Ирак өкмөтү экстремисттерге каршы күрөшүп келди. Өткөн айда Сирия чек арасына жакын жердеги акыркы шаарын жоочулардан бошотуп, акыркы жумаларда батыш райондорунда тазалоо операцияларын жүргүздү.

АКШ Мамдепартаменти 9-декабрда Иракты жоочулардын "карасанатайлык менен оккупациялоонун" аякташын кубаттаган. Ошол эле убакта аталган топ дале коркунучтуу экенин эскерткен.

7-декабрда орусиялык аскерлер коңшу Сирияда "Ислам мамлекети" тобун жеңүү миссиясын жыйынтыктаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG