Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Навальный: Шайлоого каттабаса, анын жыйынтыгын тааныбайм


Алексей Навальныйдын Калининграддагы жолугушуусу. 10-декабрь, 2017
Алексей Навальныйдын Калининграддагы жолугушуусу. 10-декабрь, 2017

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный эгер Борбордук шайлоо комиссиясы өзүн талапкер кылып каттоодон баш тартса, президенттик шайлоонун мыйзамдуулугун таануудан баш тартаарын билдирди. Бул тууралуу ал 10-декабрда Калининградда өз тарапташтары менен жолугушкан учурда айтты.

Навальный шайлоочуларын башка талапкерге добуш берүүгө үндөбөй турганын да кошумчалады. Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Навальный коррупцияга каршы күрөш, кесипкөй армия түзүү, саламаттык сактоо тармагын каржылоону көбөйтүү, согушту токтотуу, Европа менен визасыз режим киргизүү, онкологиялык борбор ачуу сыяктуу маселелерди көтөрдү. Крым тууралуу берилген суроого жооп берген Навальный, эң башкысы аймак эмес, эл экенин айтып, бул маселеде саясий референдум өткөрүүнү колдой турганын билдирди.

Навальный катышкан митинг учурунда эч ким кармалбаганы менен, кийин штабдын ыктыярчысы Дмитрий Семенюк камалганы белгилүү болду. Ал жекшемби күнү кечке жуук гана терроризмге каршы күрөш борборунун бөлүмүндө экенин кабарлаган.

Мунун алдында орусиялык ишкер, Кремлдин сынчысы Михаил Ходорковский алдыдагы президенттик шайлоону "жалган шайлоо", "путиндик сүйлөшүп алуу" деп баалай турганын билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн "Ачык Орусия" кыймылынын 10-декабрда Москвада өткөн конференциясындагы видеокайрылуусунда айтты.

Ал бийликке сын көз караштагы Алексей Навальный менен Ксения Собчак президенттик шайлоого талапкер болуп катталган күндө да жогорудагы оюн өзгөртпөсүн кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG