Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Кыргызстанда жаш энелердин 35% аз кандуулук менен ооруйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн эл аралык эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары, адистер Бишкекте азык-түлүк коопсуздугу, аз кандуулук, туура тамактануу жана байытылган унду пайдалануу маселелерин тегерек үстөлдө талкуулашат. “Тамактанууну жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугу боюнча жарандык альянстын” өкүлү Гүлмира Кожобергенованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, Кыргызстанда төрөт курагындагы аялдардын 35%, 5 жашка чейинки балдардын 43% аз кандуулук менен ооруйт. Адистер буга туура эмес тамактануу, тамак-аш, ун азыктарындагы керектүү витаминдердин жоктугу себеп экенин айтышат.

Кыргызстанда акыркы мезгилде энелердин төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болуп калышы көйгөйгө айланган. Мунун башкы себебин адистер аялдар арасындагы аз кандуулуктан көрүшөт.

Кыргызстандын башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашеванын буга чейин "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG