Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт 10-декабрда Жалал-Абад шаарынын Рабочая көчөсүндөгү №8 үйдө чыккан. Андан турак жайдын 68 чарчы метр чатыры күйүп кеткен. Тилсиз жоо ошол эле көчөдөгү катарлаш жайгашкан үйдүн чатырына да өтүп, 350 чарчы метр аянт өрттөнгөн. Өрттүн себеби такталууда.
8-декабрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда үйдөн чыккан өрт бир кишинин өмүрүн алган.
10-декабрда Аксы районунун Кызыл-Жар айылында өрт чыккан үйдөн эркек кишинин сөөгү табылган.
Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө катталган өрт кырсыктарынан 40тан ашык киши каза болуп, 20дан көбү ар кандай жаракат алышты. Быйыл былтыркыдан өрт кырсыктары 12,4 пайызга көп катталып, материалдык чыгымдар 378 миллион сомдон ашкан. Жалпысынан 2500дөн ашуун өрт кырсыгы болгон.