Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Бишкек шаардык кеңешинде коалиция куралды


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

Көпчүлүк коалицияга КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” фракциялары кирди. Ал эми “Республика - Ата Журт” фракциясы оппозицияда калды. Бул тууралуу шаардык кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйынында маалым болду.

Көпчүлүк коалициянын лидери болуп “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Таалайбек Сагынов шайланды. Учурда депутаттар шаардык кеңештин төрагасын шайлаганы жатышат, ага КСДП фракциясынан Алмаз Кененбаевдин талапкерлиги жалгыз көрсөтулдү.

Буга чейин шаарык кеңеште коалиция КСДП, “Республика – Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн болчу. Ноябрь айынын этегинде КСДП көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыялаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG