Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

УКМК эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, 6-декабрда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн операцияда 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды. Ал 2016-жылдын ноябрынан 2017-жылдын сентябрына чейин эл аралык террордук уюмдардын биринин катарында болуп, диверсиялык-террордук даярдыктан өткөнү, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы согушка жигердүү катышып жүргөнү аныкталды.

УКМК кармалган жашыруун террордук уюм түзүү жана Сирияга согушкерлерди жөнөтө турган жаңы каналдарды негиздөө максатында Кыргызстанга келгенин билдирди.

Учурда Кылмыш кодексинин 226-беренесинин 4-бөлүгү ("Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттердеги чатактарга жана согуштук аракеттерге катышуусу") боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына камалды.

Расмий маалыматка таянсак, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140га жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.(NT)

XS
SM
MD
LG