Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Украина соту Саакашвилинин баш коргоо чарасын аныктайт


Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.
Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Украина соту 11-декабрда Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин баш коргоо чарасын аныктайт.

Саакашвили Киевдин Печерский райондук сотуна жеткирилгени тууралуу маалымат анын "Фейсбуктагы" баракчасына чыкты.

Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал дароо ачкачылык жарыялаган.

Бир күндөн кийин прокурорлор Саакашвилини сотко чейин үй камагына чыгарууну өтүнүшөрүн маалымдашкан.

Украина бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган" деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке какты.

Буга чейин ал Украина президенти Петро Порошенкого импичмент жарыяланышын талап кылып, Киевде миңдеген адамдар катышкан ири акцияларды өткөргөн.

10-декабрда он миңдей адам Киевдин борборуна демонстрацияга чыгып, Саакашвилини бошотууну жана президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоону талап кылышты.

XS
SM
MD
LG