Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы мамлекеттик сыйлыкка татыды


Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы, укук коргоочу Людмила Алексеева.
Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы, укук коргоочу Людмила Алексеева.

Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы, укук коргоочу Людмила Алексеева 2017-жылы укук коргоо чөйрөсүнө кошкон алгылыктуу жетишкендиги үчүн мамлекеттик сыйлыкка татыды.

Тиешелүү буйрукка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Бул тууралуу маалымат 11-декабрда өлкө башчысынын расмий сайтында жарыяланды.

Орус бийлигин кескин сындаганы менен белгилүү Алексееваны сыйлыкка президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш көрсөткөн.

Алексеева быйыл токсон жашка толду. Анын мааракеси менен Путин өзү үйүнө күтүүсүздөн барып куттуктаган. Укук коргоочу сыйлыктын акчалай бөлүгүн (2,5 миллион рубль) толугу менен Москвадагы Хелсинки тобуна берүүнү ниеттенип жатканын айтты.

Сынчылар беш күн мурда президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Путин муну менен өзүнө упай топтоону көздөдү деп боолгошууда.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтөрү күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG