Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Фарид Ниязов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Жээнбековдун дагы бир жарлыгы менен бүгүн Алмазбек Үсөнов президенттик аппараттын жетекчиси кызматынан бошотулду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматта Үсөнов өз арызынын негизинде кызматтан алынганы айтылат.
1-декабрда Фарид Ниязов президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган эле. Ал мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин да коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп, 23-ноябрда кызматтан кеткен. Президенттик шайлоо учурунда ал азыркы мамлекет башчы, КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун республикалык штабын жетектеген. (NT)