Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Ысык-Көлдөгү "Витязь" пансионатында өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Витязь" пансионаты өрттөнүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тилсиз жоо тууралуу маалымат бүгүн саат 14.15те түшкөн. Аны өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 16:15те өрт чектөөгө алынды. Азыр толук өчүрүү аракети уланууда. Өрткө эмне себеп болгону белгисиз.

Витязь" пансионаты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиев мыйзамсыз менчиктештирип алган деген негизде 2010-жылы бийлик алмашканда улутташтырылган. Эс алуу жайы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында болчу.

Быйыл июнда Ысык-Көл жээгиндеги "Витязь" пансионаты Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG