Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

ЮНИСЕФ Интернетти балдар үчүн коопсуз кылууга чакырат


Компьютердик оюнга берилген балдар.
Компьютердик оюнга берилген балдар.

"Интернет жана санарип технологиялары дүйнөдөгү балдарга бир катар пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү бергени менен, жаңы коркунучтарды жана тобокелдиктерди жаратууда", - деп жазылат Улуттар Уюмунун балдар кору (ЮНИСЕФ) тараткан жаңы баяндамада.

"Санариптүү дүйнөдөгү балдар" деген аталыштагы баяндамада дүйнө боюнча 15тен 24кө чейинки курактагылардын 71 пайызы интернетти кеңири колдоно алганы менен, өлкөлөр аралык теңсиздик байкалганы жазылган. Маселен, Африкада беш баланын үчөө гана дүйнөлүк желени колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Баяндаманын авторлору интернеттеги балдар үчүн коркунуч катары кибербуллингти аташкан. Бул термин заманбап байланыш каражаттары аркылуу жасалган чагым, коркутуп-үркүтүү, бирөөнүн аброюна шек келтирүүнү билдирет. Андан тышкары балдарга каршы зордук-зомбулук чагылдырылган материалдар аталган.

11-декабрда жарык көргөн документте балдарга каршы зордук-зомбулукту чагылдырган сайттар негизинен Канадада, Францияда, Голландияда жана АКШда катталганы белгиленген.

Баяндаманын авторлору мамлекеттердин бийликтерин, коомдук жана балдар уюмдарын, илимий чөйрөнү жана ата-энелерди Интернетти балдар үчүн жеткиликтүү жана коопсузураак кылууга чакырышат.

XS
SM
MD
LG