Нью-Йорк шаарынын полиция департаменти Манхэттендеги Порт-Аторити автобустардын терминалында жардыруу боюнча шектүү бир киши кармалганын маалымдады. Окуя дүйшөмбү таңда Таймс-Скверде болгон.
Полиция "Твиттердеги" баракчасы аркылуу "шектүүдөн башка жабыркагандар жок, аймакты айланып өткүлө" деп билдирди.
Мурдараак департамет 42-көчө менен 8-авенюнун кесилишиндеги белгисиз заттын жарылышын иликтеп жатканын билдирген. Мындан улам бир катар метро каттамдары токтотулуп, ичиндегилер коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Айрым маалымат булактарынын кабарына караганда жардыруу жер алдандагы өтмөктөрдүн биринде болгон.
Порт-Аторити - АКШдагы эң чоң автобекеттердин бири, ал жылына 65 миллиондой адамды тейлейт.