Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 18:56

Нью-Йорктогу жардырууда үч адам жараат алды


Жардыруу Нью-Йорктун Порт-Аторити автобустар терминалында 11-декабрдын таңында болгон.

Нью-Йорктун Порт-Аторити автобустар терминалында 11-декабрдын таңында болгон жардырууда үч адам жараат алды. Бул тууралуу Нью-Йорктун полиция департаменти кабарлады. Ал эми жардырууну уюштурууга шектелген адам 27 жаштагы Акаед Уллах кармалганы маалым болду. Полиция билдиргендей, ал кубаты өтө чоң эмес, денесине бекитилген затты жардырган.

Олуттуу жараат алгандар катталган жок. Окуя тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп кабардар экени маалымдалды.

Жардыруу болгон жерге полиция жана өрт өчүрүү кызматтары тартылды. Таймс-Скверден алыс эмес, Манхэттендин чок ортосунда жайгашкан Порт-Аторити терминалы жылына 65 миллиондой адамды тейлейт.

Учурда бул аймактагы метро каттамдары токтотулуп, ичиндегилер коопсуз жайга көчүрүлдү.

XS
SM
MD
LG