Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Ошто май алмаштыруучу жайдан өрт чыкты


Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт. 11.12.2017-жыл.
Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт. 11.12.2017-жыл.

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы май алмаштыруучу жайда 11-декабрда түндө өрт чыгып, калаадагы өрт өчүрүү кызматынын бардык техникалары жана 170 өрт өчүрүүчү тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Баймуратов билдиргендей, калаадагы төрт өрт өчүрүү кызматынан сегиз, Кара-Суу районунан бир атайын унаа келип, тилсиз жоого каршы иштеп жатат.

Алоолонуп жаткан жерге күйүүчү май куйган жай жакын жайгашкан.

Кечки саат сегизден кийин башталган өрттүн себеби азырынча аныктала элек. Адам өмүрүнө зыян келген учур катталган жок. (YI/SE)

Ошто май алмаштыруучу жайда өрт чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG