Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Оштук блогер Сирия менен Ирактагы жоочуларга кайрылды


Сириядагы калабадан бир көрүнүш.
Сириядагы калабадан бир көрүнүш.

Ош шаарынын өзбек тектүү тургуну, блогер Бахрам Рахман Сирия жана Ирак жергесинде террордук топторго кошулуп жүргөн борбор азиялыктарга жана улутташтарына кайрылып, артка кайтууну суранды.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы аркылуу жарыяланган кайрылуу "Имам ал Бухари" жана "Тавхид вал Жихад" топторунун лидерлерине багытталган.

Ал бир канча жылдан бери Ирак менен Сириядагы жаңжалга байкоо жүргүзүп келатканын, Борбор Азиядан баргандар алданып, террорчулар аларды колдонуп жатканын баяндайт. Бейишти убада кылып жихадга чакыргандар бул жактан баргандарды ара жолго таштап кеткенин, ошентсе да жоочулардын жолун жолдогондор аз эмес экенин белгилеп, Тал-Афар, Ракка шаарында орто жолдо калган борбор азиялыктардын абалы азыр начар экендигин айтат.

Блогер балдарын, жубайын ээрчитип кеткен эркектерди боорукер болууга үндөп, келечекти ойлоого чакырат. Алардан үйгө кайтууну өтүнүп, эгер күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурап, кадыресе жашоого кайтса өкмөт да кечирет деп үмүт артат.

Маалыматтарга караганда, Ирак менен Сирияда калаба уюштурган согушкерлердин катарында азыр миңдеген борбор азиялыктар бар. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан кеткендердин саны беш жүздөн ашат. Алардын ондогону ошол жакта курман болгон. Айрымдары мекенине келген соң кармалып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG