Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 10:16

Хоккей боюнча жаштар курама командасы Азиянын чакырык кубогуна катышат


Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20). Бишкек, 11-декабрь, 2017-жыл.

Бүгүн, 12-декабрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында хоккей боюнча жаштар курама командаларынын арасында (U-20) Азиянын чакырык кубогунун мелдештери башталат.

17-декабрга чейин өтө турган мелдешке Кыргызстан, Малайзия, Бириккен Араб Эмирлиги, Филиппин жана Индия мамлекеттеринин командалары катышууда. Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбековдун айтымында, Кыргызстандын улуттук курама командасы Кыргызстан, Казакстандын лигаларында ойногон, Канада, Австрия жана Орусиянын хоккей Академияларында билим алган кыргызстандыктардан куралган. Алар Азия чакырыгынын кубогунда Кыргызстандын «Ала-Тоо Дордой», «Кыргыз Темир жолу»,«Пилот» жана «Арстан» клубдарынын атынан мелдешке чыгышат. Улуттук курама командада 20 оюнчу бар.

Команда оюнчулары кечээ, 11-декабрда Бишкектен Куала-Лумпурга жөнөп кетишкен. Хоккейчилерди башкы машыктыруучу Даниил Шушенков, ага машыктыруучу, хоккей федерацияснынын вице-президенти Элзар Болотбеков жана админстратор Жыргал Абдылдаев коштоп жүрөт. Сөз болуп жаткан мелдеш быйыл алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG