Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленет


Бүгүн Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү” деген иш-чара өтөт.

Ушул эле күнү Улуттук илимдер академиясынын жазуучунун атын алып жүргөн Тил жана адабият институту Айтматовду эскерет. Ага окумуштуулар, илимий кызматкерлер, изденүүчүлөр катышып, китеп көргөзмөсү уюштурулат. Мындан тышкары Чыӊгыз Айтматовдун адамзат рухун тазартуучулук, байытуучулук касиетке ээ болгон көркөм жана публицистикалык чыгармаларын окуп үйрөнүү, тереӊдетип изилдөө тууралуу баяндамалар окулат.

Соңунда катышуучулар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине, ошондой эле жазуучунун үй-музейине барышат.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG