Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Киевдин соту Саакашвилини камоодон баш тартты


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Киевде сот 11-декабрда оппозициялык "Жаңы күчтөрдүн руху” кыймылынын лидери, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына кесүүдөн баш тартты. Муну менен сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган жок. Саясатчы сот залынан бошотулду.

Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал дароо ачкачылык жарыялаган. Бир күндөн кийин прокурорлор Саакашвилини сотко чейин үй камагына чыгарууну өтүнүшөрүн маалымдашкан.

Украина бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган" деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке какты.

Саакашвили өзүнүн бөгөт чарасын караган сотто ага карата кылмыш иши ачылганы – Орусиянын президенти Владимир Путинге тартууланган “белек” экенин жана бул иштерди “ФСБнын агенттери” жасап жатышканын кошумчалады.

“Аларга (прокурорлордо) мени украин саясатынан оолактатуу боюнча тапшырма берилген. Бирок мен эл менен түзмө-түз сүйлөшкөнгө көнүп калгам, муну уланта берем”, - деди ал.

Буга чейин саясатчынын тарапташтары Саакашвили бошотулбаса, 17-декабрда Киевде митинг өткөрө турганын билдиришкен болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG