Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:09

9-кабаттан боюн таштаган кыздын өлүмү иликтенүүдө


Токмок шаарында бүтө элек үйдүн 9-кабатынан боюн таштап каза болгону айтылган 8-класстын окуучусу Элвира Азамат кызы боюнча соттук-медициналык экспертиза жүрүүдө. Бул тууралуу каза болгон кыздын атасы Азамат Иманалиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, кыздын өз жанын кыйышына эмне себеп болгону табышмак бойдон калууда.

- Апасы экөөбүз Орусияда иштечүбүз. Кызым буга чейин Орусияга да барып окуп келген. Ал жактын системасына көнө албай, кайра келе берген эле. Бул кыз бардык нерсени ичине сактап, урушпасын деп жашыра берчү. Акыркы жолу апасы менен сүйлөшкөндө “Апа, менин тагдырым эмне болот, качан үйлүү-жайлуу болобуз, качан ирденебиз?” дептир. Апасы "тагдырың түгөнүп жатабы, баары жакшы болот. Жайында барабыз" деген экен.

Азамат Иманалиевдин айтымында, маркум Элвира жаңы мектепке которулуп окуп жатканына үч ай болгон. Кайра мурда окуган мектебине которуулууну ойлонуп жатканын айткан. Таенесинин колунда чоңойгон кыз ага ыраазы экенин айтып, кат жазган. Туугандары Элвиранын "Одноклассники" социалдык тармагындагы топко мүчө болгондон кийин депрессияга түшкөнүн айтышууда.

Окуя 28-ноябрда болуп, кыз алган жараатынан улам Токмок шаардык ооруканада каза болгон. Экспертизанын баштапкы жыйынтыгы боюнча анын боору менен өпкөсү жарылып кеткен. Маңзат колдонгон-колдонбогону боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. Элвира Азамат кызы кулаган имараттан буга чейин төрт окуучу каза болгону айтылууда. Учурда тургундар ал имаратты жабууну жергиликтүү бийликтен талап кылышууда.

Чүй милициясы маалымат такталып жатканын билдирди. (КЕ)

Элвираны жан кыюуга эмне түрткөн?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:23 0:00

XS
SM
MD
LG