Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Ошто май алмаштыруучу жайда чыккан өрттүн себеби аныкталууда


Ош шаарындагы май алмаштыруучу жайда чыккан өрттүн себептери аныкталып, анын чыгымы эсептелүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" кабарлаганы боюнча, өрттөн жабыркагандар, адамдардын саламаттыгына зыян келтирген учур катталган жок.

Шаардагы Манас-Ата кичи районундагы май алмаштыруучу жайда 11-декабрда түндө өрт чыгып, калаадагы өрт өчүрүү кызматынын бардык техникасы жана 170 өрт өчүрүүчү тартылган. Кечки тогузга жакын башталган өрт түнкү саат 1:30га жакын толук өчүрүлгөн. Болжол менен 700 чарчы метр аянт күйгөн. (КЕ)

Ошто май алмаштыруучу жайда өрт чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG