Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Милиция: Чубак Жалиловдун аялынын арызы каралып бүтө элек


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун үстүнөн түшкөн арыз боюнча кылмыш иши козголбойт деп айтууга эрте. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Чубак Жалиловдун расмий жубайы Гүлнур Жалилованын милицияга жазган арызын териштирүү уланууда. Кылмыш иши козголобу же жокпу, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат:

- Азырынча жыйынтык да, чечим да чыга элек. Гүлнур Жалилованын арызы каралып жатат. Материалдар топтолууда. Кылмыш иши козголбойт деп айтууга болбойт, азыр эрте. Чечим чыккандан кийин билинет. Кылмыш иши козголордун алдында чечим чыгышы керек.

Бүгүн айрым маалымат каражаттары "диний ишмер Чубак Жалиловго кылмыш иши козголбойт" деген кабар таратышкан.

Гүлнур Жалилова күйөөсүнүн үстүнөн милицияга 9-декабрда арыз жазган. Ал "өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону" суранган, өмүрлүк жары аларды коркутканын, жашоосу жакшы болбой жатканын, аны менен чогуу жашаганды каалабай турганын, Жалилов балдарын бир айда бир жолу гана көрүшүн каалаганын жазган.

Милиция экс-муфтийдин жубайы "Сезим" кризистик борборуна арызданганын да ырастаган.

Чубак Жалилов жана анын жубайы азырынча бул окуялар жөнүндө комментарий бере элек. Диний ишмер ноябрдын соңунда экинчи аял алганын жарыялаган. Мындан кийин Бишкек шаардык милициясы аны суракка алганы расмий кабарланып, Чубак Жалилов "биринчи аялы расмий, экинчиси сүйүктүүсү" экенин билдиргени маалымдалган.

11-декабрда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек Токтомушев "Ыйык Куранда белгилүү шарттар менен муктаждык болгон учурда көп үй-бүлө күтүүгө уруксат берилген. Ошондуктан Чубак ажы Жалилов Жараткандын алдында эч кандай күнөөкөр болгон жок" деп кайрылуу тараткан.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, алар менен жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылууга тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG