Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 22:26

Жазуучулар Адабият күнүн белгилөөнү "Ата-Бейиттен" башташты


Акбар Рыскулов, Тынчтыкбек Нурманбетов, Кожогелди Култегин.

Улуттук жазуучулар бирикмеси бүгүнкү Адабият күнүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Чыңгыз Айтматовдун кабырына гүл коюп, куран окутуп баштады.

Иш-чарага Жазуучулар бирлигинин төрагасы Акбар Рыскулов, ТҮРКСОЙ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, Жогорку Кеңеш депутаты Рыскелди Момбеков жана башкалар катышты.

2011-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү - 12-декабрь анын урматына Улуттук адабият күнү деп жарыяланган. (ZA)

XS
SM
MD
LG