Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Жээнбековдун Өзбекстандагы иш сапарында чек ара боюнча документ каралбайт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы расмий иш сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып, чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн жумушчу топтору ишин улантып жатканын билдирди:

- Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча документ азырынча жок. Эки мамлекеттин өкмөттүк жумушчу топтору бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Мурдагы келишимге кол коюлгандан бери үч ай өттү. Андан бери жумушчу топтор чек аранын 40 чакырымдан ашыгын такташты. Алдыдагы иш сапарында чек ара боюнча документке кол коюлбайт.

Субакожоева кошумчалагандай, иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугушат. Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Алардын арасында каржы тармагында кызматташтык жөнүндө өкмөт аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илим-техникалык кызматташтыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармактарында карым-катыш тууралуу документтер бар. Мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашат. Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда президент катары алгачкы расмий иш сапарын Өзбекстандан баштаганы турат.

Быйыл 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып оңоло баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG