Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 18:06

Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтөт


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети ачылгандан кийин. 6-сентябрь, 2017-жыл

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга расмий сапарынын алкагында 13-декабрда Ташкент шаарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, бизнес-форумга катышуу үчүн ата мекендик жүзгө чукул ишкерлер президент менен бирге Өзбекстанга барышат. Иш-чарада автоунаа техникаларын топтоо, турмуш-тиричилик каражаттары, тигүү өндүрүшү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Сооронбай Жээнбеков президент катары алгачы расмий сапарын Өзбекстандан баштаганы турат. Сапар 13-14-декабрга белгиленген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен быйыл 5-октябрда барган. Эки мамлекеттин сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып оңоло баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG