Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Таластын вице-мэри кызматынан баш тартты


Чыңгыз Мураталиев.
Чыңгыз Мураталиев.

Талас шаарынын вице-мэри Чыңгыз Мураталиев кызматын тапшырып берди. Ал ишинен өз каалоосу менен кетип жатканы тууралуу арызды бүгүн жазды.

Мураталиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, буга анын атасынын иниси облус жетекчиси болуп дайындалганы себеп болду. “Кээде мэр кызматтык сапарга чыкканда анын ордуна иш-чараларга катышып, документтерге кол коюш керек болуп калат. Мындай учурда кызыкчылыктардын кагылышы болбошу үчүн ушундай чечим кабыл алдым” дейт Мураталиев.

4-декабрда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп 50 жаштагы Марат Мураталиев дайындалган.

36 жаштагы Чыңгыз Мураталиевди шаардык кеңештин 27 депутаты быйыл 13-майда вице-мэрликке бир добуштан колдогон. Ал кесиби боюнча юрист. Эмгек жолун ветеринардык лабораторияда айдоочулуктан баштаган. Соңку жергиликтүү шайлоодо Талас шаардык кеңешине КСДП фракциясынын курамында депутат болуп келген. (AlS)

XS
SM
MD
LG