Быйыл дүйнө экономикасы 3% өсүп, 2011-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин Бириккен Улуттар Уюму билдирди. Буга экономикалык кыйынчылыктан чыгып, оңолуу жолуна түшкөн Орусия, Бразилия, Аргентина жана Нигерия да салым кошкону көрсөтүлөт.
11-декабрдагы баяндамасында дүйнөлүк уюм Кытайдын жана Азиядагы башка өлкөлөрдүн экономикасында быйыл да чоң секирик болгонун белгиледи.
- Өнүгүп бараткан өлкөлөр мурдагыдай эле глобалдык өсүштүн кыймылдаткыч күчү бойдон калууда. 2017-жылкы жалпы өсүштүн жарымына жакынын Чыгыш жана Түштүк Азия түздү. Анткени эки чөлкөм тең тез өнүгүүсүн улантууда, - делет баяндамада.
Ал эми жеке Кытайдыкы глобалдык өсүштүн үчтөн бирине жакынын түзгөн.
Орусия экономикасынын оожалып баратышына мунайдын кымбатташы себеп. 11-декабрга карата "Brent" үлгүсүндөгү кара майдын баррели 65 долларга чыкты. Бул 2015-жылдын июнунан берки эң жогорку баа.