Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

ТИМ "Франс Пресстин" кабарчысы боюнча маалымат таратты

Кристофер Риклтон.
Кристофер Риклтон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Улуу Британиянын жараны Риклтон Кристофер Майкл Томастын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынды” деген кабарга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат сурап кайрылды.

Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна министрликтин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын айтымында, чет элдиктердин жана кыргыз жарандыгы жоктордун Кыргызстандын аймагына кирүүсү «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзам аркылуу жөнгө салынат.

- Мекеме Улуу Британиянын жараны Риклтон Кристофер Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде журналист катары аккредитациядан өтпөгөнүн маалымдайт. «Франс Пресс» агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн ал адамды аккредитациялоо тууралуу арызы каралып жатат, - деп билдирди Кулукеева.

“Франс Пресс” агенттигинин Кыргызстандан депортацияланган кабарчысы, британиялык журналист Кристофер Риклтон учурда Дубайда экенин "Азаттык" радиосуна 11-декабрда билдирген. Ал жубайы менен кызы Кыргызстандын жарандары экенин, өкмөт анын өлкөдө жашоосуна жана иштешине уруксат берет деген үмүттө турганын кошумчалаган. Журналист бийликтин чечимин Дубайда күтөрүн айткан.

Соңку жети жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келе жаткан Риклтон 9-декабрда Кыргызстандын чек арасынан киргизилбей Дубайга депортацияланган. Аны Дубай аркылуу Коломбодон келген учурда Бишкектеги "Манас" аэропортунда күч кызматкерлери өлкөгө киргизбей коюшкан. УКМК "Кристофер Риклтон Кыргызстанга буга чейин виза режимин бузганы үчүн киргизилген эмес" деп билдирген.

Риклтон Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинде окутуучу болуп да эмгектенет. 2015-жылдан бери “Франс Пресс” агенттиги менен кызматташып, Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарын чагылдырган. (RK/NT)

XS
SM
MD
LG