Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстанда бир күндө эки кишини поезд тебелеп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте эки кишини поезд тебелеп кетти. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, эртең менен саат 7лер чамасында “Бишкек I” жана “Бишкек II” станцияларынын ортосунда 30-35 жаштагы азиат улутундагы киши жүрүп келе жаткан тепловоздун алдына боюн таштап жан берди. Азыр окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатат.

Ушул эле күнү “Токмок” бекетинин темир жолунда 19-20 жаштагы кыз поезддин алдында калган, ал бутунан жаракат алып ооруканага түшкөн.

"Кыргыз темир жолу" поезд автоунааларга окшоп дароо токтоп калбай турганын, аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созуларын, ушундан улам сак болуу зарыл экенин жарандарга эскертти. Кыргызстандын темир жолдорунда поезд кишини тебелеп кеткен учурлар маал-маалы менен катталып турат.

Ноябрда “Бишкек I – Бишкек II” багытында бараткан поезддин машинисти белги бергенине карабастан темир жолдон чыкпай койгон киши каза тапкан. Анын кулакчын тагынып баратканы айтылган. Октябрда да Лев Толстой көчөсүнүн темир жол менен кесилишкен жеринде жүк ташуучу поезд кулакчын тагып, музыка угуп бараткан 18 жаштагы жигитти тебелеп кеткен.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын темир жолдорунда жыл башынан бери адам өмүрүн алган 29дан ашык учур катталды.

XS
SM
MD
LG