Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

АКШда ири көз боемочулук боюнча шек менен өзбекстандык аял кармалды


Шектүүлөрдүн сүрөтү.
Шектүүлөрдүн сүрөтү.

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы сот өткөн аптада өзбекстандык Кристина Мирбабаевага, анын күйөөсү Александр Копенкинге жана энеси Ирина Федоровага көз боемочулук боюнча расмий айып такты. Үчөөнө кишен салып, Бруклин районундагы кымбат пентхаустан алып кетишти.

Алар АКШ мамлекеттик кепилдик компанияларынан 146 млн. доллар уурдаган деп айыпталууда.

35 жаштагы Мирбабаева жетектеген кылмыштуу топ 20 кишиден жана 14 корпорациядан туруп, өз ишин 2015-жылдын январынан быйылкы ноябрга чейин жүргүзгөнү айтылат. Анын курамында төрт дарыгер, Нью-Йорк полиция департаментинин 61 жаштагы кардиологу болгон.

Алар "Medicaid" же "Medicare" кепилдик картасы бар жакыр бруклиндиктерге 40 доллардан төлөп, тааныш клиникаларына алып барып турушкан. Клиникалардан алардын кепилдик карталарынын номерлерин жазып алышып, керексиз жол-жоболордон өткөрүшүп, андан соң медициналык кызмат үчүн карталардагы номурларды бир нече жолу пайдаланышкан. Алынган жалган анализдерди чечмелеш үчүн клиниканын дарыгерлери 50 доллардан алып турушканы айтылат.

- Ач көздүккө алдырган бул адамдар негизинен "Chanel" баштыгын сатып алыш үчүн калктын аяр катмарына аңчылык кылышкан, - деди Бруклиндин прокурору Эрик Гонсалес.

Прокуратуранын маалыматы боюнча Мирбабаеванын ар бир баштыгынын наркы эле 6,5 миң доллар, бир бөтөлкө вискиси 6 миң доллар турат. Самарканддык аял 3,25 млн долларга бааланган пентхауста жашаган. Үйүнөн баалуу зер буюмдар, 700 миң доллар нак акча табылган.

XS
SM
MD
LG