Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Талас: Окуучу кыздын жакындары анын өлүмүн мугалиминен көрүп жатышат


Аяна Огунова, 2014-жыл.
Аяна Огунова, 2014-жыл.

Таластын Талас районунда окуучу кыздын өлүмү иликтене баштады. Туугандары “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Шабданбек Жумагулов атындагы лицей-интернаттын 9-классынын окуучусу Аяна Огунова өз үйүндө асынып алды. Окуя дүйшөмбүдө кечке жуук болгон.

Кыздын жакындары анын өлүмүнө англис тил сабагынан берген мугалим себепкер деп жатышат.

- “Англис тилден берген мугалим мага өч болуп жатат, бассам-турсам деле какшыктай берет, сен окууга тааныш салып киргенсиң дей берет” деп айтчу, - деди Огунованын чоң апасы Сыйнат Кубанова.

Кубанованын айтымында, небереси бул “Манас” лицей-интернатына быйыл эле кирген жана ал жерде жатып окуп жүргөн.

“Азаттык” мугалимдин өзү менен байланышууга аракет кылды, бирок майнап болгон жок.

Мектеп директору Жаныш Жанузаков ал сурак берип жүргөнүн, окуучу менен мугалимдин ортосунда эч кандай араздашуу болбогонун айтты:

- Тескерисинче, бул кызга мугалимдер аяр мамиле кылчу. Өзү бул жерге жакшы көнө албай жүргөн экен. Эч кандай конфликттин белгиси болгон эмес.

Укук коргоо органдары бул иш боюнча азырынча комментарий бере элек.

Таласта окуучу өз үйүндө асынып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Былтыр Кыргызстанда балдар арасында 96 суицид катталган. 2015-жылы 102, 2014-жылы 106 бала өз жанын кыйган. Билим берүү жана илим министрлиги бул көрсөткүчтү азайтыш үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирип келет.

Ушу тапта өкмөттүк эмес уюмдар менен мамлекеттик органдар биргелешип ачкан, психолог-адистердин жардамына муктаж балдар үчүн "111" ишеним телефону иштеп жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG