Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:42

Сексуалдык дооматтардан улам сенаторлор Трамптын кызматтан кетишин талап кылышты


Дональд Трамп.

Сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча дооматтардан улам Кошмо Штаттардын төрт сенатору президент Дональд Трамптын кызматтан кетишин талап кылды.

- Бул көп сандаган жана анык дооматтар. Мен ал аялдардын айткандарын угуп чыктым. Айткандары жүрөктү оорутат, - деди Кирстен Жиллибран Си-Эн-Эн телеканалы менен болгон маегинде.

Сенатор ошондой эле эгер Трамп тез арада кызматын тапшырбаса Конгресс "анын жүрүм-туруму боюнча тиешелүү иликтөө жүргүзүп, жоопко тартышы керек" экенин айтты.

Мурдараак өз алдынча сенатор Берни Сандерс, демократтар Жефф Меркли менен Кори Буркер да ушундай эле талаптарды айтышкан.

Былтыр үч аял Дональд Трампты сексуалдык жактан тийишкен деп айыпташкан эле. Ушул дүйшөмбүдө алар өз дооматын дагы кайталашты. Алар америкалык башка белгилүү кишилер да сексуалдык жосунсуз жоруктарына байланыштуу жазаланып жаткан убакта Конгресс да Трампка байланыштуу айтылгандарды иликтеши керек экенин айтышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG