Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:38

Трамптын беделин түшүргөн айып


Дональд Трамп Флоридадагы үгүт жүргүзүп жатат, 12-октябрь.
Дональд Трамп Флоридадагы үгүт жүргүзүп жатат, 12-октябрь.

АКШда республикачылардын талапкери Дональд Трамптын дарегине сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча дооматтар айтылууда. Соңку саясий өнүгүүлөрдөн кийин Клинтон менен Трамптын рейтингинде айырма көбөйүп баратат.

Дональд Трамп өткөн аптадагы теледебат алдында Хиллари Клинтондун күйөөсү Билл Клинтонго доомат арткан айымдарды чогултуп келсе, эми өзү дал ушундай айыптоолорго кабылды. “Нью-Йорк Таймс”, People сыяктуу басылмалар президенттик орунду мелжеп турган адамдан сексуалдык ыдык көрдүк деген аялдардын маектерин жарыялашты.

Маселен огайолук Рейчел Крукс миллиардер-талапкер он бир жыл мурда Нью-Йорктогу Трамп мунараларынын лифтинде аны каршы болгонуна карабай эрдинен өпкөнүн айткан.

АКШ: талапкерлер Орусия боюнча кайым айтышты

АКШ: талапкерлер Орусия боюнча кайым айтышты

Республикалык партиянын вице-президенттикке талапкери Майк Пенс 4-октябрдагы телетаймаш учурунда Алепподогу соңку окуяларды “варвардык чабуул” деп сыпаттады.

Ньюйорктук Жессика Лидс болсо отуз жыл илгери учакта катар отуруп баратканда Трамп анын көкүрөгүнө, этегине асылганын “Нью-Йорк Таймска” берген маегинде билдирген:

- Мен өз окуямды бир жарым жыл мурда Трамп президенттик жарышка аттанары анык болуп калганда айта баштадым. Анан досторума айтууга өттүм. Менимче, өз окуямды бөлүшүү шайлоодон да маанилүү деп ишенгим келет. Аялдар жана сексуалдык аракеттер тууралуу коомдун пикири өзгөрөт деп үмүттөнөм.

Мындан тышкары “Гардиан”, Си-Би-Эс сыяктуу маалымат каражаттары да Трамптын маданиятка жатпаган аракеттерине туш болдук деген кыз-келиндердин окуяларын жарыялашты. Доо койгондордун дээрлик баары убагында укук коргоо органдарына кайрылган эмес.

Трамп өзүнүн Твиттер баракчасында "аялдардын айтканы ойдон чыгарылган жана жалган" деп жазды.

Өткөн аптадагы теледебатта алып баруучу "аялдар каршы болгонуна карабай аларга асылдыңыз беле?" деп сураганда да Трамп ал дооматтарды четке каккан:

- Аялдарды өтө сыйлайм. Менчелик аялдарга сый көрсөткөндөр жок. Мен бул кадамга барган эмесмин. Баса белгилеп коюшум керек, мен биздин өлкөнү коопсуз кылам.

АКШ: кош тандоонун кармашы

АКШ: кош тандоонун кармашы

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өнөктүгү өзүнүн негизги бөлүгүнө өттү. Республикалык жана Демократиялык партиялар чоң жарышка аттандырган миллиардер Дональд Трамп менен мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун шайлоо платформаларында тышкы жана ички саясат боюнча кандай ири айырмачылыктар бар?

Деген менен Трамптын дал ушул сөзү аялдардын өз окуяларын ачык айтып чыгуусуна себеп болгонун байкоочулар белгилеп жатышат.

Бул Трамптын дарегине айтылган айыптоолордун экинчи толкуну. Өткөн аптада республикачыл талапкердин он бир жыл мурда аялдар тууралуу айткан орой сөздөрү жарыяланган. Андан көп өтпөй республикачылар партиясынын бир катар жогорку даражалуу өкүлдөрү Трампты колдоодон баш тартышкан. Талапкер бул сөздөр эркектер арасында айтыла жүргөнүн белгилеп, ал үчүн кечирим сураган.

Кантсе да миллиардер талапкердин айланасындагы соңку окуялардан кийин Хиллары Клинтондун рейтинги соңку бир айдагы эң жогорку чегине жеткенин Рейтердин сурамжылоосу көрсөтүүдө.

Учурда демократтардын талапкерин америкалыктардын 56 пайызы, республикачылардын талапкерин 46 пайызы колдоп жатат.

Бирок шайлоого чейин дагы 25 күн бар. Бул мөөнөт ичинде окуялар кандай өнүгөөрүн азырынча жоромолдоо кыйын.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG