Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

АКШ: талапкерлердин саламаттыгы талкууда


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

АКШда президенттик шайлоодо талапкерлердин ден соолугу олуттуу маселелердин бири. Хиллари Клинтондун 11-сентябрда өзүн жаман сезгенден кийин ал маселе курчуп, талапкерлердин саламаттыгы боюнча толук маалымат берүү талабы коюлду. Ошондуктан Хиллари Клинтон да, Дональд Трамп да ден соолугу боюнча кошумча маалымат беришти.

68 жаштагы Хиллари Клинтондун ден соолугуна байланыштуу маселени буга чейин анын атаандашы Дональд Трамп көтөрүп келген. Бирок ага эч ким анча маани берген эмес.

11-сентябрда Нью-Йоркто 2001-жылы Кошмо Штаттарда жасалган теракттардын 15 жылдыгы эскерилип жаткан учурда Хиллари Клинтон өзүн жаман сезип, расмий иш-чарадан эрте кетүүгө аргасыз болгон. Ал автоунаага отурарда буту чалыштап, жансакчылары жөлөп отургузушкан.

Клинтондун мындай абалын түшүндүрүүгө аракет жасаган командасы ага “ысык өтүп” кетти дешкен. Бирок кийинчерээк жеке дарыгери Лиза Бэрдак Хиллари Клинтондун өпкөсүнөн сезгенгенин кабарлаган.

Мына ушундай ар түрдүү маалыматтар Клинтон айымдын ден соолугу боюнча маселени ого бетер курчутуп, президенттикке талапкер саламаттыгына байланыштуу шайлоого катыша албаса, анын ордуна Демократиялык партия кимди чыгарат деген суроо коюла баштаган.

15-сентябрда Хиллари Клинтондун дарыгери Лиза Бэрдак Клинтон айымдын саламаттыгы боюнча жаңы маалымат берип, Демократиялык партиянын талапкеринин “Ден соолугу талаптарга жооп берет. Кызматка даяр” деп билдирди.

Лиза Бэрдак катында 11-сентябрдан кийин “Клинтон антибиотик менен дарылануу жана эс алуу менен саламаттыгын чыңдады” деп жазган. Ал катта Хиллари айымдын кан басымы, кандагы холестерин нормада экени белгиленген. Документте Хиллари Клинтон калкан безин нормалдаштыруу максатында жана аллергияга каршы, тромбоз жана кан тамырлардын тромбо эмболиясын алдын алуу максатында дары ичип жүргөнү айтылган. Белгилүү болгондой, Хиллари Клинтон 2012-жылы тромбдон эси ооп жыгылып, бир кыйла убакыт дарыланган.

11-сентябрда Хиллари Клинтондун “башы айланып” тең салмактуулугун жоготуп алганы ырасталган. Андан бери дарыланып, абалы жакшырган Клинтон 15-сентябрдан тарта үгүт өнөктүгүнө кайрадан киришкени кабарланды.

Бул арада Республика партиясынан талапкер Дональд Трамп да өзүнүн ден соолугу боюнча маалыматты медицина темасына байланыштуу Доктор Оздун ток-шоусунда ачыкка чыгарып, өзүн 30 жаштай сезерин билдирди:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Рональд Рейган (президент кезинде) канча жашта болсо, мен орточо ошол курактамын. Хиллари Клинтон менден бир жаш улуу. Мунун зарылдыгы канчалык экенин айта албайм, бирок баскан-турган жашоомо таянып туруп, өзүмдү 30 жаштагыдай сезеримди айта алам.

Доктор Оз Дональд Трамптын нерв системасы, жүрөк-кан тамырлары, гормондордун деңгээли боюнча маалыматтарды толук текшерип чыгып, баары нормада деп жарыялады.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. Бул ирет шайлоодо ат салышып жактан негизги талапкерлердин жашы эң эле улгайыңкы болуп, ошого жараша алардын ден соолугуна байланыштуу маселе көп көтөрүлүүдө. Маселен, Хиллари Клинтон 68 жашта болсо, Дональд Трамп 70 жашта.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG