Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:32

Курганда кыргызстандык курсанттын өз жанын кыйышынын себеби айтылды


Кыргыз жоокерлери. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок. Иллюстрация.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Федералдык коопсуздук кызматынын Кургандагы чек арачылар институтунда окуган курсант өз жанын кыйганын орус укук коргоо органдары маалымдашкан.

Курсант Кыргызстандын Чек ара кызматынын квотасы менен Курганда билим алып жүргөн. Элчилик Орусиянын полициясына таянуу менен анын өлүмүнө чоңсунуу себеп болбогонун, жигитти сүйлөшкөн кызы менен пикир келишпестиги өлүмгө түрткөнү божомолдонуп жатканын билдирди.

Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 21 жаштагы курсант Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну болчу. Төртүнчү курста окуган жигиттин сөөгү 10-декабрдын кечинде ваннада асынган абалда табылган. Учурда окуянын чоо-жайын Орусиянын тиешелүү органдары иликтеп жатат. Аталган мекеме маркумдун сөөгүн туулуп-өскөн жерине алып келүү боюнча аракеттер көрүлөрүн маалымдады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG