Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 23:05

«Кыргыз тилин жайылтуу, үйрөтүү боюнча маселелерди чечиш керек», - деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алып.

- Кыргызстанда жалпы элди бириктире турган тил – кыргыз тили болушу керек. Кыргыз тилин элдин биримдиги жана анын ынтымагынын өзөгү катары кабыл алышыбыз зарыл, - деди мамлекет башчы.

Жолугушууда Назаркул Ишекеев Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Президент Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилин сактоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик тил менен бирге расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо маселесине токтолду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда бала бакчалар маселесине да өзгөчө басым жасалды. Президент Бишкек шаарында 84 бала бакчанын ичинен ону гана, Ош шаарында 41 бала бакчадан бешөө гана кыргыз тилинде иш жүргүзөрүн мисал келтирди.

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий макамга ээ.

Быйыл октябрь айында Жогорку Кеңеште кыргыз тилин өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын колдонулушун текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2014-2020-жылдарга бөлүнгөн 500 миллион сомдун 142 миллиону гана өздөштүрүлгөнүн айтып чыккан. Депутат бул каражаттын көбү Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийип, Улуттук тил комиссиясы 2-3 миллион сомго араң жеткенин билдирген. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG