Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

АКШ БУУнун бюджетин кыскартууну талап кылды


АКШ өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун 2018-2019-жылдардагы бюджетин 250 млн. долларга кыскартууну талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн Франс Пресс агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Американын сунушу БУУнун Палестина, Ливия, Ооганстандагы миссияларына тиешелүү программаларды кыскартуу жана жаңы кызматкерлерди алууну токтотуу, айлык акыны азайтууга байланыштуу. Уюмдун өкүлдөрү АКШнын сунушуна жооп берип, каржылоону 170 млн. долларга кыскартууга даяр экенин билдиришкен.

БУУнун келерки жылдарга бюджетин ушул жылдын соңуна чейин бекитүү пландалууда. Франс Пресстин маалыматына караганда, уюм өзүнүн керектөөлөрү үчүн 5,4 млрд. доллар сурап жатат. Бул өткөн жылга караганда 200 млн. долларга аз. БУУнун бюжети уюмга кирген өлкөлөрдүн мүчөлүк акысынын негизинде түзүлөт. Анын негизги демөөрчүсү АКШ, ал уюмдун чыгашасынын 20% жабат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG