Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Бишкекте коррупцияга каршы күрөш боюнча жыйын өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жетекчилиги менен уюштурулган бул жыйынга укук тартибин коргоо, фискалдык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүн, Жогорку соттун, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да чакырылган.

Жыйында коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү, бул багытта кездешкен маселелер талкууланууда. Мындан тышкары координациялык кеңештин быйыл 23-июндагы чечиминин аткарылышы боюнча тиешелүү органдардын баяндамалары угулуп жатат.

Ишкерлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы мыйзамсыз текшерүүлөрдү алдын алуу боюнча президенттин былтыркы жарлыгын аткаруу боюнча да отчет берилет.

Соңунда жемкорлукка чогуу-чаран каршы туруу боюнча биргелешкен чечим кабыл алынат.

Тransparency International эл аралык уюмунун 2017-жылдын башындагы баяндамасына ылайык, Кыргызстан жемкорлук боюнча 176 мамлекеттин ичинде 136-орунду ээлейт. (NT)

XS
SM
MD
LG