Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Өнөрпоздор автордун укугун коргоону талап кылышты


12-декабрда ырчы, обончу, акын жана жазуучулардан турган элүүдөн ашык өнөрпоз автордук укугун коргоону талап кылып чыгышты. Алар “Кыргызпатент” мекемесинде чогулуп, ырдын сөзүнө, обонуна калем акы өндүрүүнү тыкыр көзөмөлгө алууга чакырышты. “Кыз бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова телеканалдардан жана радиолордон ырчылардын, обончулардын чыгармалары тынбай кетип жатканы менен гонорар төлөбөй жатканын белгиледи.

Жолугушууга келген өнөрпоздор алардын ырлары жазылган дисктер пираттык жол менен таркап жатканын айтып, муну кескин түрдө токтотуу өтүнүчүн келтиришти. Алар мыйзамдык жана башка чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

“Кыргызпатенттин” өкүлү Аскар Нажимудинов чыгармаларга болгон автордук укуктарды коргоодо айрым мыйзамдык нормалардын кемчилиги кедергисин тийгизип жатканын жана мындай кырдаалдын жаралышына атайын келип чыгармалырын каттатпаганы үчүн өздөрүндө да айып бар экенин айтты.

Маалыматка караганда, бир жыл ичинде адабий, музыкалык, аудио-визуалдык, фото жана көркөм сүрөт багытындагы чыгармаларга 10 млн сомдой калем акы өндүрүлүп, миңге жакын өнөрпоздорго берилген.

2014-жылы автордук укукту коргоо максатында бул жааттагы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чыгарманы уурдагандарга айыппул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомго барабар. Маалыматка караганда, ушул тапта чыгарма талашып соттошуп жаткан 2-3 автор бар. Өткөн айда Коргоо кеңеши “Кыргызпатент” ишканасы өзү автордук укукка байланыштуу көз боёмочулукка жол берген деп, ондон ашуун жемкорлук иштер аныкталганын билдирген. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG