Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Үңкүр-Тоо маселеси парламентте көтөрүлдү


Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

Үңкүр-Тоо маселеси парламентте көтөрүлдү. “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңеште маалымат берип жаткан транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдон бул маселе кандай чечилип жатканын сурады.

“Биздин радиолокациялык системабыз боюнча. Анын үстүнө бул резонанс жараткан маселе. Ал жерге десант конгон”, - деген депутат бүгүнкү күндө абал кандай экенин сурады.

Министр бул суроого жооп берүүгө даяр эместигин айтып, алгач ага Чек ара кызматы жооптуу экенин, андан кийин Маалыматтык технологиялар агенттигине караштуу маселе экенин билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан. Быйыл Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке расмий сапар менен келгенде эки өлкө ортосунда чек ара боюнча өткөөл келишимге кол коюлган.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун Ташкентке эки күндүк расмий сапары башталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG