Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ЖК Орто-Токой боюнча долбоорду биринчи окууда колдоп, добуш берүүгө жөнөттү


Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы кыргыз-өзбек мамлекет аралык пайдаланууга өтсө анын бир жылдык техникалык тейлөөсүнө кете турган каражат 16-20 миллион сом деп белгиленет. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ал жердеги топтолгон суунун 92% Өзбекстан, калган 8% Кыргызстан пайдаланып жаткандыктан тейлөөнүн акчасы да ушундай негизде бөлүштүрүлөт.

- Өзбек тарап бул каражаттын 92% биздин министрликке караштуу тейлөө иштерин жүргүзүүчү департаменттин эсебине накталай акча түрүндө которуп турат, - деп билдирди министр.

Мурашевдин айтымында, учурда суу сактагычтан чыккан суу менен Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жери сугарылат.

Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, чек арадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 млн куб/метр.

Буга чейин суу сактагыч Кыргызстандын Өзбекстандын пайдалануусундагы чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.

Чогуу пайдалануу боюнча макулдашууга быйыл 6-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын учурунда кол коюлган. Ага ылайык, объектти кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган.

Бүгүн министр Мурашев ошол макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун парламенттин кароосуна алып чыкты.

Натыйжада ал долбоор биринчи окууда кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунушталып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG