Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Алабамада Сенатка шайлоодо демократ жеңди


Даг Жонс. 12-декабрь, 2017-жыл.
Даг Жонс. 12-декабрь, 2017-жыл.

АКШнын Алабама штатында Cенатка кезексиз шайлоодо демократтардын талапкери Даг Жонс жеңди. 25 жылдан бери штатты колдон чыгарбай келаткан республикачылардын талапкери Рой Мурга президент Доналд Трамп өзү үгүттөгөн. Дал ушул консервативдүү деп эсептелген Алабамада Трамп былтыр Хиллари Клинтонду ишенимдүү жеңип чыккан.

Мурдагы сенатор Жефф Сешнс февралда башкы прокурор болуп дайындалгандан кийин жаңы шайлоо жарыяланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгына фаворит деп аталып келген Мур көп жыл мурун өспүрүм кыздарга асылганы жазылган макалалар таасир этти. Ал өзү болсо жаман эч нерсе жасабаганын айтып келди.

Жонстун ийгилиги Трамптын чоң утулушу деп бааланууда. Эми президентке Конгресс аркылуу мыйзамдарды өткөрүү кыйын болмокчу.

Бирок Мур жеңилгенин дароо моюнга алган жок.

XS
SM
MD
LG