Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Самарада жол кырсыгынан жабыркаган жаран элден жардам сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Самара облусунда 7-декабрдагы жол кырсыгында жабыркаган Айсулуу Абдирахимова Интернет аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, жардам сурады. Ал кырсыктан атасы Абдрахим Жаманкеевди жоготкон, апасы Жаңыл Кусеинова менен баласы Алихан оор жараат алып ооруканада жатышат.

- "Урал" жүк ташуучу машинесинин айдоочусу уктап кетип, анын күнөөсү менен кырсык болгон. Айдоочу жана менин атам каза тапты. Апамдын эки буту, бели сынып, операция жасалат. Балам Алихандын ичегилери жарылып, комада жатат. Менин үй-бүлөмө, баламдын өмүрүн сактап калууга жардам беришиңерди өтүнөм, - деп жазган Абдирахимова.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн "Элкарттан" 961958, "Visa" төлөм системасынан 4406666014633952, "Сбербанктан" 5336690035974379 номурлуу эсептер ачылды.

7-декабрда Самаранын Нефтегорск районунда кыргызстандыктар түшкөн "Вольво" жүк ташуучу автоунаасы менен Орусиянын жараны айдап келаткан "Урал" машинеси кагылышкан. Кырсыктан "Вольводогу" эки киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG