Линктер

жума, 20-апрель, 2018 Бишкек убактысы 03:33

Ирандагы жер титирөөдөн он сегиз киши жабыркады


Ирандын Керманшах провинциясында жер титирөөдөн кийинки куткаруу иштери. 13-ноябрь, 2017-жыл.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Керманшах провинциясынын аймагында күчтүү жер титирөө кечээ жана бүгүн эки жолу катталды.

Андан кеминде 18 киши жарадар болуп, 20дай имарат бузулган.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, кечээ жана бүгүн таңда болгон зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,2-6 баллды түзгөн.

Өткөн айда Ирандын аймагында күчү 7,3 баллга жеткен зилзаладан кеминде 530 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG