Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 00:59

Орусия мигранттардын коргоочусун Тажикстанга депортациялады


Каромат Шарипов (солдо) тажик мигранттары менен. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Каромат Шарипов Москвадан Тажикстандын Куляб шаарына өткөн түнү депортацияланганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна анын адвокаты Александра Медведева билдирди.

Анын алдында апелляциялык сот Шариповду депортациялоо боюнча чечимди күчүндө калтырган.

Ага чейин 30-ноябрда Москва облусундагы Люберцы шаардык соту Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ Шариповдун паспортун тартып алышын мыйзамдуу деп таап, аны Тажикстанга депортациялоого жол ачкан эле.

Орусияда Мигранттар федерациясын башкарып жүргөн Шариповдун өзүнүн айтымында, ал бул өлкөнүн жарандыгын 1993-жылы алгач советтик армияда, анан орус армиясында кызмат өтөгөндөн кийин мыйзамдуу алган.

1991-жылы Советтер союзу кыйрагандан кийин ал эч качан Тажикстандын жараны болгон эмес.

Карамат Шариповдун айтымында, Москвадагы ири дүкөндүн сакчылары менен тажик мигранттары быйыл сентябрдын соңунда мушташа кеткен соң ФСБ анын паспортун тартып алган.

Ал окуядан кийин Москванын күч түзүмдөрү 250дөй тажик мигрантын кармап кетишкенде Карамат Шарипов бул аракеттердин мыйзамдуулугу боюнча тынчыздануусун билдирип чыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG