Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:50

Маммүлк фонду кытай компаниясына таандык машине боюнча түшүндүрмө берди


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы мекеменин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевге тиешелүү экени кеп болуп жаткан автоунаа боюнча түшүндүрмө берди. Анда талкууга түшкөн “Лексус” үлгүсүндөгү машинени Зилалиевдин жардамчысы убактылуу пайдалануу максатында досунан алганы айтылат.

"24-ноябрда айдоочу келбегенине байланыштуу анын ордуна Зилалиевдин жардамчысы иштеген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду автоунаанын кытай компаниясына таандык экенин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билген. Жардамчыга катуу кызматтык жаза берилди", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин жергиликтүү маалымат булактары Зилалиев жүргөн 1532 ВК мамлекеттик номерлүү «Лексус-570» жол тандабасы пайдалуу кендерди чалгындоо менен алектенген кытайлык “Тун Лин” жоопкерчилиги чектелген коомунда катталганын кабарлашкан.

Мындай маалымат президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы боло турган күнү президенттик кортеж өтчү жолго "бомба коюлганы жөнүндө жалган билдирүүгө Зилалиев" аралашканы тууралуу кабарлардан кийин чыккан.

Бүгүн УКМК бомба жөнүндө жалган кабар боюнча кылмыш иши козголгонун ырастады. Атайын кызмат ИИМ академиясынын курсанты "жардыруучу зат тууралуу жалган кабарды Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргенин айтты. Азыр бардык тараптардын берген маалыматтары териштирилип жатат" деп кошумчалады.

24-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы ант берүү аземинен кийин Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Алмазбек Атамбаев түшкөн машинени төрт автоунаа жана беш мотоцикл коштоп Ак үйгө келген. Ошол күнү укук коргоо органдарына "кортеж өтүүчү жолго бомба коюлду" деген маалымат келип түшүп, анын жалган экени аныкталган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазып чыгышкан. Кийинчерээк "машиненин номери Зилалиевге таандык" деген маалыматтар айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG